21:04 10 февраля 2023

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи 2022-жылдын мыкты атайын билим берүү окуу жайы деп табылды

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжин Жалал-Абад шаардык мэриясы 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Жылдын мыкты атайын билим берүү окуу жайы» деп тапты. Бул тууралуу аталган колледждин директору Бариса Турдубаева билдирди.

2023-жылдын 6-февралында Жалал-Абад шаардык мэриясынын коллегиясында 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Анда шаардагы алдыңкы мекеме-ишканалар, уюмдар жана кызматкерлер мыкты деп табылып, дипломдор, ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланды.

2022-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн , жетишкен ийгиликтери менен айырмаланган «Жылдын мыкты атайын орто билим берүү окуу жайы» деп аталган диплом менен Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи сыйланды. Сыйлыкты шаар мэри Э.Ормоков тапшырып, окуу жайга ийгиликтерди каалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть