21:05 10 февраля 2023

ОшТУнун окутуучулары кесипкөйлүгүн жогорулатышты

Ош технологиялык университетинин Гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатышты.

Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында социалдык иш багытында өздөрүнүн окутуудагы квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашышты.

Жыйынтыгында аталган башкармалыктын башчысы К.Абдуллаев окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды.

Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасы буга чейин дагы бул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келет. Студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоодо кафедранын жасаган иш-аркеттери билимдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть