20:56 10 февраля 2023

ОшТУда ата-энелер менен жолугушуу өткөрүлдү

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледждин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын жамааты тарабынан ата-энелер жыйналышы өткөрүлдү.

Жыйналышка кафедра даярдап жаткан «Социалдык иш» жана «Укук жана социалдык камсыздоонун негиздери» адистигинде билим алып жаткан студенттердин ата-энелери чакырылып, Ош областтык сот департаментинин өкүлдөрү, Кыргызстандагы «Кызыл Ай» коомунун түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери, колледждин жетекчилиги жана кафедранын жалпы жамааты катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө кафедра башчысы, доцент Н.Марасулова кафедра даярдап жаткан адистиктер, билим алып жаткан студенттер жөнүндө кеңири маалымат берди. Сот департаментинин өкүлдөрү тарабынан укук багытындагы адистиктин коомго тийгизген пайдасы, эл арасындагы орду, келечеги тууралуу маалыматтар айтылды. Студенттерди келечекте элдердин укугун коргоодо мыкты билимге ээ болуп, мыйзам багытындагы иштерде чыныгы кесипкөй, билимдүү адис болууга чакырды.

Кафедра даярдап жаткан социалдык багытындагы студенттер шаардагы бардык мекеме-ишканалар менен тыгыз иш алып барышат жана студенттер теориялык алган билимдерин практикада чыңдоодо мекеме-ишканаларга практикага барып турушат.

Өлкөнүн келечеги үчүн мыкты адистерди даярдоодо бир гана окуу жай эмес, ата-энелердин дагы ролу абдан чоң. Үй-бүлөдөгү тарбия менен окуу жайдын ортосундагы байланыш тыгыз болгондо коомго пайдалуу мыкты адистер даярдалып чыгат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть