Германия мамлекетинен Ош технологиялык университетине Кыргызстандык студенттердин жайкы каникулдук ишин эки тараптуу пайдалуу жана натыйжалуу өткөрүү, өз ара немис-кыргыз алакалардын жаңы деңгээлин түзүү максатында атайын өкүлдөр келишти.
ОшТУ менен Германиянын окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча иш-чараларды уюштуруу жана студенттерди практикалык иштерге тартуу боюнча маселелер сүйлөшүлдү. Бул багытта алгачкы иш-чараларды уюштуруу жана студенттерге тил үйрөтүү боюнча макулдашылды.