21:15 10 февраля 2023

ОшТУда бизнес-идеялар жана стартаптар боюнча семинарлар башталды

ОшТУнун эл аралык бөлүмү жана архитектура жана курулуш факультетинин уюштуруусу менен аталган факультеттин студенттерине бизнес-идеялар жана стартаптар боюнча маалыматтар берилди.

Маалымат семинарында бизнес-инкубатордун куратору А.Кутманбекова студенттерге бизнес-идеяларды табуунун жолдору аларды өнүктүрүү менен кошо команда менен бизнес түзүү тууралуу маалыматтары менен бөлүштү.

Эл аралык бөлүмдүн адиси Улукбек кызы Марина бизнес-стартаптарды баштоо, инвестиция тартуу, ички жана эл аралык бизнес форумдарга катышуу тууралуу презентация жасап, студенттерди окуудан сырткары да өзүн-өзү өнүктүрүү тууралуу маалыматтары менен бөлүштү. Семинар суроо-жооптор менен коштолду.

Ош технологиялык университетинде түзүлгөн бизнес-инкубатордо студенттер өздөрүнүн алгачкы стартаптары менен коомчулукка чыгып, жасаган иштери менен ар кандай иш-чараларга катышууну башташкан. Мында окуу менен бирге эле коомдо орун алып жаткан ар кандай социалдык кубулуштарга өздөрүнүн идеялары менен аралашып, жыйынтыгында белгилүү бир багыттагы долбоордун ээси боло алышат. Ошондой эле ар кандай бизнес-идеялары менен акча каражатын табууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул иш-чара башка факультеттерде да уланат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть