21:21 10 февраля 2023

ОшМПУда «Японияда окуу 2023» аттуу жарманке өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Японияда окуу 2023» аталышында жарманке болуп өттү.

Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори баштаган делегациясын кабыл алды. Мында эки окуу жайдын буга чейинки кызматташтыгы жана алдыдагы пландары боюнча пикир алышкан соң, чоң жыйындар залына келип, студенттер менен жолугушту.

Иш-чарага Кыргыз-Япон борборунун директору Иван Ацуму, Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин башкы адиси Нурия Курманалиева, элчиликтин өкүлү Санно Акире, Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори жана Ош-Япон борборунун мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттери катышты.

Япон тилин жана маданиятын Кыргызстандын түштүк аймагында жайылтуу, Японияга окууга, жумушка чакыруу максатында өткөрүлүп жаткан жарманке катышуучуларга аталган өлкөдөгү Цукуба университети сыяктуу бир катар престиждүү, мыкты ЖОЖдор боюнча маалымат берди. Бул менен бирге окууга тапшыруунун жол-жобосу, академиялык мобилдүлүк, стипендиялар боюнча презентация жасалып, студенттерди кызыктырган бир топ суроолорго тийиштүү адистер жооп беришти.

Япония менен ОшМПУнун кызматташтыгы артып, улам жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, ага ылайык, университеттин бир канча студенттери Японияга барып практика өтөп келишүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть