15:33 17 февраля 2023

ОшТУда Ош аймактык жаштардын өз ара жардамдашуу тобунун өкүлдөрү менен студенттер жолугушту

ОшТУнун Жаштар иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин уюштуруусу менен Ош аймактык жаштардын өз ара жардамдашуу тобунун өкүлдөрү окуу жайга келишип, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун негизги максаты жаштар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, бири-бирине жардамдашуу аркылуу коомдо өз ордун татыктуу табууга багыт берүү, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге бул топтун негизги максаты, жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул топко мүчө болууну каалаган ар бир студент үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул топко мүчө болуу менен ар бир катышуучу бири-бирине ар тараптуу, психологиялык-социалдык жардам көрсөтүү менен бири-бирин бардык кырдаалда колдой алышат. Жанындагы адамдардын колдоосу менен жакшы ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть