К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамааты 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында болгон зилзаланын кесепетинен жабыркаган түрк элине материалдык жардам катары бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алды.
Каражаттар жабыркагандарга жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоо боюнча Бирдиктүү депозиттик эсебине которулат.
К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 10го жакын Түркиянын жогорку окуу жайлары жана TIKA Түрк кызматташтык агенттиги, TTӦMER түрк тилин окутуу борбору, Түркиянын Кыргызстандагы консулдугунун билим берүү бөлүмү, Анкарадагы Дүйнө сөз академиясы, Невшехирдеги Хажи Бекташ Вели маданий борбору менен тыгыз байланышта иштейт.