17:30 17 февраля 2023

ОшТУнун студенттери тарабынан «Жылуулук» акциясы өткөрүлдү

ОшТУнун табигый-техникалык факультетинин жаштар комитетинин уюштуруусу менен Ош шаарындагы «Тазалык» кызматкерлери үчүн «Жылуулук» акциясы уюштурулду.

Бул иш-чарада аталган факультеттин студенттери шаардын тазалыгын караган кызматкерлерге ысык чай, кофе жана таттууларды таратышты.

Акциянын негизги максаты түйшүгү көп кызматкерлердин көңүлүн көтөрүп, алардын эмгегин баалоо, адамдарды жашаган жерин таза кармоого үндөө жана жаштарды бири-бирине кайрымдуу болууга чакыруу болуп эсептелет.

Табигый-техникалык факультетинде билим алып жаткан активист студенттер өздөрүнүн демилгеси менен акча каражатын чогултушуп, аз да болсо, «Тазалык» кызматкерлерине жагымдуу маанай тартуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть