17:43 17 февраля 2023

ОшТУда Эл аралык эне тил күнү белгиленди

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинин чет тилдер кафедрасы тарабынан майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, бөтөн тилдерди барктоо, сыйлоо, эне тилди баалуулук катары кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.

Америка маалымат-ресурстук борборунда, ошондой эле Кытай жана Корей борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.

ОшТУнун малекеттик тил боюнча проректору А.Зулпуев жана Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зулпукар уулу Чыңгыз кеченин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү менен куттукташты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть