17:46 17 февраля 2023

«Кызыл Ай» коомунун өкүлдөрү ОшТУда болду

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин «Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер» кафедрасынын уюштуруусу менен «Кызыл Ай» коому тарабынан жугуштуу оорулардын алдын алуу, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс жана эл аралык гуманитардык укук боюнча студенттерге маалымат берүү максатында иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада студенттерге бири-бирине кайрымдуу болууга, кыйын учурларда жардам берүүгө, бирөөнүн укугун тебелеп, зордук кылбоого жана эң негизгиси — жеке адамдык баалуулуктарды унутпоого чакырган маалыматтар берилди. Мындан сырткары, Кыргызстандагы «Кызыл Ай» коомунун жалпы ишмердүүлүгү, максаты жана аткарган иштери тууралуу айтылды. Колледждин жетекчилиги тарабынан «Кызыл Ай» коомунун өкүлдөрүнө жолугушууну уюштуруп, студенттерге багыттоо иш-чара өткөрүп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть