18:08 17 февраля 2023

ОшМПУ Венгриянын ELTE университети менен кызматташат

Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Маалыматка ылайык, аталган университеттин жетекчилиги менен ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуевдин жолугушуусу болуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу пландар талкууланган. Анын натыйжасында эки тараптын жетекчилери билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттерди окууга жөнөтүү багытында кызматтык келишимге кол коюшту.

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгер-Кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форуму өткөн. Ага билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жетектөөсүндө Кыргызстандагы 18 ЖОЖдун ректорлору катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть