18:13 17 февраля 2023

КЭУ менен Будапешт Метрополитен университети бизнес жана туризм багыты боюнча кызматташат

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Будапештте алгачкы жолу Кыргыз-Венгер ректорлорунун жыйыны өттү.

Форумга М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун ректору Алмаз Кадыралиев да катышты.

Ректорлордун конференциясынын биринчи күнүндө Обуда жана Будапешт Метрополитен университтеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.

Бизнес, коммуникация жана туризм багытындагы мыкты окуу жайлардын бири болгон Метрополитен университети менен ИИУ КЭУ ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Ошондой эле форумдун биринчи күнү ЖОЖ жетекчилери Будапешт шаарындагы Этнография музейинде кыргыз буюмдарынын сүрөттөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган форум алкагында ректор Алмаз Кадыралиев Венгриянын алдыңкы 4 ЖОЖу менен дагы кызматташуу меморандумуна кол коюусу күтүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть