21:14 17 февраля 2023

Кыргыз-Өзбек университетинде «Мыкты окутуучу-студент» аттуу интеллектуалдык таймаш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

14-февраль күнү Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринин, колледждеринин мугалимдеринин жана студенттеринин арасында «Мыкты окутуучу-студент»  аттуу интеллектуалдык таймаш болуп өттү.

Интеллектуалдык таймаш 3 бөлүктөн туруп, логикалык ой жүгүртүүнү өрчүтүүчү, белгилүү инсандар тууралуу, «Мыкты оюнчу» үчүн тандалган суроолор берилди. Командалардын курамы 3 окутуучу, 3 студент болуп 6 адамдан куралып, жалпы 12 команда катышты.

Соңунда жалпы 3 бөлүктүн жыйынтыгы менен 1-орунду инженердик-технологиялык факультетинин «Мурас» командасы, 2-орунду кесиптик колледжинин «Позитив» командасы, 3-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультетинин «Билим» командасы багындырды.

Ал эми «Мыкты интеллектуал окутуучу» деп кесиптик колледждин окутуучусу Уларбек Козукеев, «Мыкты интеллектуал студент» деп табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультетинин студенти Махларой Хасанбаева табылды.

КӨЭАУнун ЭАБИжИ ишмердүүлүгү боюнча проректору Аида Балтабаева, «Билерман ордо» телеоюнунун негиздөөчүсү, алып баруучу Талантбек Канатбек уулу, «Жетиген» журналынын өкүлү Ырысбай Жумашов интеллектуалдык таймашка күбө болуп, өздөрүнүн пикирлерин айтып, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырышты.

Интеллектуалдык таймаш окутуучулар менен студенттердин арасында өз ара изденүүгө түрткү берүү, жаштардын дүйнө таанымын, логикалык ой жүгүртүүлөрүн, интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, жаш окутуучулардын студенттер менен тыгыз байланышта иш алып баруусун күчөтүү максатында өткөрүлдү.

Уюштуруу иштерин Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ЭАБИжИ боюнча ишмердүүлүгүнүн «Интеллектуалдар» борбору колго алган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть