17:27 21 февраля 2023

КЭУ менен Венгриянын Дебрецен университети кош дипломдуулукту ишке ашырат

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында 13-14-февралда Будапешт шаарында Кыргызстан менен жана Венгрия университеттеринин ректорлорунун биринчи форуму өттү.

Форумга Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректору Алмаз Кадыралиев да катышты.

Кыргызстандагы мамлекеттик ЖОЖдор арасында КЭУ — экономика жана туризм багытында англис тилинде билим берген жалгыз университет. КР Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган бул иш-чара алкагында КЭУ Венгриянын 5 жогорку окуу жайы менен кызматташуу меморандумуна кол койду.

Жетишилген келишимдерге ылайык, эми КЭУ студенттеринин эл аралык деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет.

Иш сапардын жүрушүндө А.Кадыралиев Европадагы эң байыркы жана абройлуу жогорку окуу жайлардын бири — Дебрецен университетине ( University of Debrecen, 1538-у.) атайын чакыруу менен барды. Негизги популярдуу багыттарынын бири экономика факультети болгон Дебрецен университетинде аны проректор профессор, доктор Карой Петё тосуп алды.

Окуу мекеменин ишмердүүлугу менен тааныштырылып, соңунда бир катар артыкчылыктуу келишимдерге кол коюлду: Дебрецен университи менен КЭУ ортосунда «Кош диплом системасын» кыска убакыт ичинде киргизүү макулдашылды. Ошондой эле мугалимдер жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк боюнча кызматташууга жетишилди.

Венгрия мамлекеттик стипендиясы менен Дебрецен университетинде учурда кыргызстандык 50дөй студент билим алууда. Аталган ЖОЖго сапарынын алкагында ректор А.Кадыралиев мекендештер менен жолугууга да үлгүрдү.

Андан тышкары, экономикалык багыттагы Корвинус университетинин (Corvinus University of Budapest) ректору, профессор Такац Елод менен жолугушуу өтүп, кызматташуу багыттары боюнча суйлөшүүлөр жүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть