18:16 21 февраля 2023

ОшМПУнун окутуучулары мамлекеттик тилди окутуунун жаңы ыкмаларын үйрөнүштү

16-17-февраль күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Кыргыз-Россия факультеттинде «ЖОЖдордо кыргыз тилин деңгээлдер боюнча окутуу» деген аталышта семинар болуп өттү. Бул тууралуу кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы Жаннат Джумаева билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган семинарды И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары — ЖОЖдордо мамлекеттик тилди деңгээлдер боюнча окутуу адиси п.и.к., доцент Назгүл Сегизбаева, п.и.к., доцент Назгүл Абдраева өтүштү.

2 күндүк семинар-тренингдин жүрүшүндө мамлекеттик тилди колдонуунун деңгээлдери жана аны окутуунун маселелери талкууланып, окутуучулар практика жүзүндө деңгээлдер боюнча машыгышты жана студенттердин тил билүү деңгээлин аныктоо жолдорун үйрөнүштү.

Иш-чаранын жыйынтыктоо бөлүгүнө ОшМПУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Каныбек Раимбеков катышып, келген конокторго жамааттын атынан ыраазычылык билдирүү менен аларга окуу жайдын алкыш баракчасын жана атайын белектерин тапшырды. Ошондой эле семинардын жалпы угуучуларына уюштуруу тобу тарабынан сертификат ыйгарылды.

Семинар кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын демилгеси менен уюштурулуп, ага колледждин, Кыргыз-Россия жана музыкалык-педагогикалык факультеттердин окутуучулары катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть