19:55 24 февраля 2023

КМТУда Эл аралык эне тил күнү белгиленди

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата өтө турган “Тил-достуктун жана биримдиктин көпүрөсү” аталышындагы бир айлыктын алкагында Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору тарабынан 20-февраль күнү Республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференция оффлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, бир нече жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты катышууга мүмкүнчүлүк алды.

Конференциянын максаты – Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө жана алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Эне тилинде жана дүйнөдө кеңири колдонулган эл аралык тилдерди эркин билген жаңы муунду өстүрүү, эне тили менен мамлекеттик тилин, тарыхы менен маданиятын мыкты өздөштүргөн жогорку кесипкөй жаш муундарды тарбиялоо, улуттар аралык ынтымак, биримдик, достукту, кызматташтыкты чыңдоо максатында ЖОЖдордо мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо мамлекеттик тилдин ролун өстүрүү болду.

Бул конференцияга КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Н.Байчекиров жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академия, «Ала-Тоо» Эл аралык университети, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Салымбеков университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Эл аралык Кувейт университети, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана И.Раззаков атындагы КМТУнун кыргыз тил, орус тил, чет тил кафедрасынын окутуучулары, доцент, профессорлор катышып, мазмундуу баяндамаларды жасады.

Алгач конференцияны И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору, физика-математика илимдеринин кандидаты доцент Чыныбаев Мирлан Койчубекович ачып берди.

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, кыргыз, орус, чет тилдерин берүүдө жаңы инновациялык ыкмада, заманбап сабактар менен студенттерди кызыктыруу, сабакты мазмундуу, кызыктуу берүү менен тилди жеңил жана жеткиликтүү берүүдө ар бир жогорку окуу жайдын ыкмасын камтуу маселеси камтылды.

21-февраль күнү Эл аралык эне тил күнүнө карата жыйынтыктоочу иш-чара И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Башкы имаратындагы Чоң жыйындар залында болду.

Алгач салтанаттуу иш-чарада 21-фераль Эл аралык эне тил күнүнө карата тилдер (кыргыз, орус, жаштар менен иштөөнү уюштуруу жана орус тилин өнүктүрүү, англис, немис, корей) кафедрасынын жана илимий китепкананын көргөзмөсү болуп, атайын комиссиянын курамы кыдырып карап чыгышты.

Мыкты даярданган кафедралардын жеңүүчүлөрү комиссия тарабынан аныкталып, кийинки иш-чарада жеңүүчүлөр жарыяланаары белгиленди.

Башкы Чоң жыйындар залында ар бир институттун окутуучулары жана ар түрдүү улуттагы студенттер тарабынан даярдалган ар түрдүү тилдеги кызыктуу номерлер тартууланды.

Бир айлыктын алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тарабынан өткөрүлгөн КЫРГЫЗТЕСТ жана жат жазуу сынагынан мыкты деп табылган кызматкерлер жана бир айлыкка карата жарыяланган көркөм окуу сынагынын жеңүүчү студенттери университеттин ректору тарабынан ыраазычылык баракчасы жана дипломдор менен сыйланды.

Жыйынтыктоочу иш-чарада бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, салтанаттуу майрам концерттик программа менен жыйынтыкталды

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть