10:07 24 февраля 2023

ОшТУда Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Окуу жайда мекенди коргоочуларды жыл сайын куттуктап, жетекчилик тарабынан грамоталар жана белектер тапшырылып келет. Бул жылы алгач майрамдык салтанатка жооптуу болгон кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин жамааты тарабынан конокторго актылар залынын кире беришинен кадимки аскерлердин тамагын тартуулашты.

Кече майрамдык шаң менен башталып, университеттин ректору Ж.Турсунбаев катышуучуларды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Сахнада жоокер ырлары ырдалып, патриоттук сезимдеги музыкалар ойноп, конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан агайларга майрамдын урматына грамоталар жана белектер тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть