10:49 28 февраля 2023

ОшТУга сакура дарагы отургузулду

Ош технологиялык университетинин Корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг мындан 4 жыл мурун япон маданиятынын символу болгон сакура дарагынын 90 даана көчөтүн Ош шаарына алып келип отургузган.

Бүгүнкү күнгө чейин отургузулган көчөттөр көктөп өсүүсүн токтоткон эмес. Лим Ён Шиг шаардагы «Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына сакура дарагынын көчөттөрүн белекке берип, учурда шаарды көрктөндүрүү боюнча дагы иштер жүрүүдө.

Сакура дарагынын көчөттөрү ОшТУга дагы белекке берилип, 3 корпустун алдына отургузулду. Көчөттөрдү отургузууга университеттин ректору Ж.Турсунбаев баштаган бардык проректорлор катышып, Лим Ён Шиг мырзага ыраазычылык билдиришти.

ОшТУда Лим Ён Шиг көп жылдан бери эмгектенип, корей тилин үйрөнүүнү каалаган бардык студенттерге жана окуучуларга тил үйрөтүп, эки өлкөнүн ортосунда жогорку окуу жайлар арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча иштерди аткарып келет. Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, обондуу кыргыз ырларын аткара алат, жергиликтүү элдер менен тез эле тил табышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть