11:14 25 февраля 2023

ОшТУда стол тенниси боюнча Ош облусунун биринчилиги башталды

Ош облусунун Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы менен биргеликте Ош технологиялык университетинин стол теннис залында облустун биринчилиги өткөрүлүп жатат.

Бул спорттук мелдешке облустун бардык райондорунан спортчулар катышууда. Биринчи топто 2009-жылга чейин төрөлгөн балдар-кыздар ойношот. Экинчи топто 2006-2008-жылдар аралыгында төрөлгөн балдар-кыздар, ал эми үчүнчү топто 2002-2005-жылдар аралыгында төрөлгөн улан-кыздар ойношот.

Мелдеш 25-26-февраль күндөрү өткөрүлүп, оюнга ОшТУнун дене тарбия кафедрасынын окутуучулары калыстык кылышат.

Дене тарбия кафедрасы ар дайым облустук жана шаардык жаштар жана өспүрүмдөр спорттук мектеби, Дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен тыгыз байланышта иш алып барып келет. Кафедранын жалпы жамаатынын аракети менен ар кандай деңгээлдеги спорттук мелдештерде ОшТУнун студенттери алдыңкы орундарды камсыздап жүрүшөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть