14:59 3 марта 2023

Татыктуу билим - ийгиликтүү карьера

Ош технологиялык университетинде көп баскычтуу жогорку билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында бакалавриат бүтүрүүчүлөрүнө магистрдик академиялык даражаны алуу үчүн университеттеги багыттар боюнча «Татыктуу билим — ийгиликтүү карьера» аттуу профориентациялык семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага факультеттердеги бүтүрүүчү курстун студенттери, магистранттар жана магистратура программаларынын жетекчилери катышышты. ОшТУнун Илим жана инновация боюнча проректору, а.-ч.д., доцент Танаков Н.Т. семинарды ачып берди. Семинарда магистратура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор Атакулова М.А. «Магистратура жогорку билим берүүнүн өзгөчө баскычы катары» деген темада илимий баяндама жасады. Иш-чарада кызыктуу баарлашуу, талкуу орун алып, катышуучулар пайдалуу маалыматтарды алышты.

Бүгүнкү күндө ОшТУнун магистратура бөлүмү кафедралар менен биргеликте 13 багыт боюнча 16 адистикти даярдап жатат.

Кыргызстан эл аралык билим берүү деңгээлинде эки баскычтуу билим берүү системасын колдонуп келет. Мында негизги билимди алган соң, каалоочулар калган эки жылын магистратурадан улантышат жана бүтүрүүчүлөр үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жол ачып берет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть