21:28 10 марта 2023

КЭУ менен Москва мамлекеттик университети кызматташууга макулдашышты

2023-жылдын 3-мартында Москва мамлекеттик университетинде 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында түзүлгөн Евразиялык тармактык университеттин (ЕСУ) Биринчи форуму болуп өттү.

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Евразиялык тармактык университетти (ЕСУ) түзүү жана анын ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногу үчүн кесиптик даярдоого багыт алуусу «эмгек рыногуна, профессионалдуулукту жогорулатууга жалпысынан биздин өлкөлөрүбүздүн өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет» деп белгиледи.

Форумдун алкагында М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун ректору А.Кадыралиев жана М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору В.Садовничий илим жана билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- бакалавриат жана аспиранттар менен илимий кызматкерлерди алмашуу

- студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү

- билим берүү процессин өркүндөтүү боюнча биргелешкен илимий иш-чараларды, тажрыйба алмашуу боюнча конференцияларды өткөрүү

- биргелешкен монографияларды, илимий эмгектерди жана башка окуу материалдарын басып чыгаруу.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть