21:31 10 марта 2023

ОшМУда окутуучулар арасында «Кош жылдыз» кароо-сынагы өттү

Ош улуттук драма театрында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын  арасында «Кош жылдыз» сынагы өттү.

Сынактын жобосуна ылайык, факультет, колледждерден 1 айым же 1 мырза катышып, эки структурадан бир жуп болуп даярдык көрүшкөн.

Сынакты хореографтардан жана маданият кызматкерлеринен куралган калыстар тобу баалашты.

Салтанаттуу кечеде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков жамаатта эмгектенип жаткан айымдарды куттуктап, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө айымдардын ордун белгиледи. Ошондой эле окуу жайда аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы стратегиялык программадагы пландар боюнча кошумчалады.

Сынактын жыйынтыгында  баш байгени орус филологиясы факультетинен Айсырга Ташполотова, Индустриалдык-педагогикалык колледжинен Урматбек уулу Сыймык, 1-орунду  STEM инновациялык колледжинен Алтынбек кызы Айтурган, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен Таалайбек уулу Ниязбек,  2-орунду Өзгөн медициналык колледжинен Мамашарип кызы Бакдөөлөт, математика жана информациялык технологиялар факультетинен Пакал уулу Долонбек, 3-орунду Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен Дастанбай кызы Камила, Эл аралык билим берүү программалары колледжинен Канатбек Кокчаев ээлешти.

Жеңүүчүлөр жана мыкты катышкан катышуучулар уюштуруучулардын акчалай сыйлык жана баалуу белектерине ээ болушту. Аталган кароо-сынактын байге фонду 100 миң сомду түздү.

Кароо-сынак окутуучуларга моралдык дем берүү, эстетикалык табитин арттыруу, окутуучулардын сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, структуралар аралык ынтымакты, достукту бекемдөө максатында студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова тарабынан демилгеленип, уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть