21:33 10 марта 2023

Кыргыз-Өзбек университетинде айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.

Аталган спорттук иш-чара юридика-бажы факультетинин жамааты тарабынан уюштурулуп, жалпы 9 команда катышты. 2 күнгө созулган спорттук иш-чарада 3-орунду тарых-филология факультетинин эжекелери, 2-орунду ректораттын айымдары, 1-орунду Медициналык колледжинин эжекелери багындырды.

Жеңүүчүлөргө жана оюнга катышкан ар бир командага юридика-бажы факультети тарабынан өзгөчө белектер тапшырылды. Иш-чарага күбө болгон коноктор, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтып, спорттук мелдеш жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешти.

Соңунда жалпы конокторго сый тамак берилип, чакан концерттик программа менен иш-чара жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть