21:35 10 марта 2023

Лейлекте ОшМПУнун окуу борбору ачылды

Лейлек районундагы Алишер Навои орто мектебинде педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, жалпы республикалык тестке даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү боюнча окуу борбору ачылды.

Окуу борбору Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте түзүлүп, окуу жай интерактивдүү доска, компьютер, принтер, блоктор жана башка керектүү техникалык каражаттар менен камсыздады.

Борбордун ишин университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмү жетектеп, алар чек ара аймактарында иштеген мугалимдерди колдоо, жаңы методдорду үйрөтүп, жаңы техникалар менен сабак өтүүнүн жол-жобосун жеткирүү жана окуучуларды ЖРТга даярдоо максатында иш алып барышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть