21:37 10 марта 2023

ОшМПУда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

8-март — Аялдардын эл аралык күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өзгөчө маанайда белгиленди.

Саамалык агайлардын айымдарга гүл сунуусу менен башталып, залдагы бардык эжекелерге жаз гүлдөрү тартууланды. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышып, жалпы айымдарга жагымдуу маанай тартууланды.

Ректор Бекмурза Зулуев куттуктоо сөзүнө чыгып, ааламдын көркү болгон аялзатын аруу майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу орду, баркы ар дайым жогору экенин баса белгиледи.

Аны улай окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, жигердүү эмгектенген окутуучу эжекелерге, кызматкерлерге жана студент кыздарга ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык кечени белгилүү куудулдар Тынар Курбаналиев жана Борончу Кудайбергенов улантышып, катышуучуларга тамашалуу, жагымдуу маанай жаратуу менен өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Мындан сырткары, таланттуу мырзалар обондуу ырларды аткарышып, кечени жогорку маанайда жыйынтыкташты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть