21:41 10 марта 2023

ОшМПУда окутуучу эжекелер ортосунда спорттук мелдештер уюштурулду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата окутуучу эжекелер ортосунда спорттун волейбол, тогуз коргоол жана шахмат түрлөрү боюнча мелдештер болуп өттү.

Иш-чараны окуу жайдын ректору Бекмуза Зулуев ачып берип, айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, аял затына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана аялдык бакыт каалады. Андан соң командалар оюнга киришти.

Мелдеш жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү жана ден соолукту чыңдоо максатында окуу жайдын дене тарбия жана гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган.

Жыйынтыгында тогуз коргоол мелдеши боюнча 3-орунду ректораттын кызматкери Элвира Койлубаева, 2-орунду табият таануу жана география факультетинин кызматкери Нурайым Аматова жана 1-орунду математика жана компьютердик технологиялар факультетинин окутуучусу Гүлбарчын Алибекова камсыздады.

Ал эми шахмат боюнча 1-орунду «Англис тили жана аны окутуунун усулу» кафедрасынын улук окутуучусу Элиза Рахманова, 2- орунду ошол эле кафедранын усулчусу Беназир Тешебай кызы ээледи.

Ошондой эле волейбол оюну боюнча 3-орунга музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунга колледж бөлүмү, 1-орунга табият таануу жана география факультетинин айымдары ээ болушту.

Жеңүүчү командалар жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть