18:13 14 марта 2023

ОшТУда Профсоюз уюмунун төрайымы шайланды

Ош технологиялык университетинин Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин IX кезексиз чакырылган отчётттук шайлоо конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияда ОшТУнун бириккен профкомунун төрагасы Улукбек Мамытов окуу жайдын профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун берди. Профсоюз комитети тарабынан окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын жана эмгекти коргоо багытында жасалган иштери жөнүндө кеӊири маалымат берди.

Шайлоого ОшТУнун баардык факультеттеринен жана бөлүмдөрүнөн жалпы 133 делегаттан тышкары, Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, ОшТУнун ректору, доцент Ж.Турсунбаев, окуу жайдын жалпы жамааты жана факультеттердин декандары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер катышышты.

Кайра шайлоо ишинде ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына жалпы 4 талапкер болду. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын көпчүлүк добушу менен ОшТУнун профсоюз комитетинин төрайымы болуп Багдагүл Тиленбаева 5 жылдык мөөнөткө бекитилди. Багдагүл Тиленбаева буга чейин университеттин редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть