22:41 17 марта 2023

ОшТУда студенттер жана магистранттар үчүн семинар өткөрүлдү

ОшТУнун табигый-техникалык факультетинин Колдонмо информатика кафедрасынын жамааты тарабынан студенттер жана магистранттар үчүн «Кесип форум» деп аталган семинар өткөрүлдү.

Семинарга IT тармагына кызыккан бардык каалоочулар, колдонмо информатика адистигинде билим алып жаткан студенттер жана магистранттар, кафедранын жалпы жамааты катышты.

Маалыматтык технология тармагындагы акыркы маалыматтардан бөлүшүү үчүн BIRUNI IT курсунун негиздөөчүсү Аданов Санжарбек атышуучуларга лекция окуду. С.Аданов бүгүнкү күндөгү маалыматтык технологиянын адамзат жашоосундагы орду, илим жана техниканын өнүгүшүн камсыз кылууда зарылдыгы, жаштардын бул тармакка кызыгып, жашоолорун жеңилдетүү үчүн жасап жаткан аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Студенттер жана магистранттар тарабынан өздөрү кызыккан суроолор берилип, кеңири жооптор алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть