18:40 15 марта 2023

ОшМПУда «Ден соолук-2023» спартакиадасы старт алды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Ден соолук-2023» аттуу спартакиада старт алды.

Иш-чара олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясы тарабынан уюштурулуп, спорттун 7 түрү боюнча болот. Ага Ош шаарындагы 8 жогорку жана орто окуу жайлардын окутуучулары катышат.

Ага ылайык, 15-мартта окуу жайда спартакиаданын ачылуу аземи өткөрүлүп, куттуктоолор айтылды. Мында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу департамент тарабынан дене тарбия жана спорттун мыктыларына аррдак грамота жана сыйлыктар тапшырылды.

Спартакиаданын жыйынтыгында алдыңкы орун алган командалар көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын биринде өтө турган республикалык «Ден соолук» спартакиадасына катышууга жолдомо алат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть