18:37 15 марта 2023

Ошто өткөн ЖОЖдор аралык сармерденде ОшМПУ жеңүүчү болду

13-14-март күндөрү Ош улуттук драма театрында ЖОЖдор аралык сармерден оюну болуп өттү.

Саамалык Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан жарыяланып, ага ылайык 3 окуу жай чүчү кулак тандашкан. Алгачкы айлампада Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы менен Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин таланттары сармерден таймашына түшүштү. Мында жеңүүчү аталган ОшМПУнун командасы ОшМУ менен финалдык беттеште таймаш курушуп, өз таланттарын тартуулашты.

Сармердендин салтына ылайык, саламдашуу, элдик обондуу ырлар, бийлер, акыйнек айтышуулар, жаңылмач жана макал айтышуу менен эки тарап өздөрүнүн дараметин, деңгээлин далилдешти.

Ар бир аткарылып жаткан номер көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланып, калыстар тобунун сынына түштү. Окуу жайлардын өзгөчө даярдыгы, мыкты таланттардын аткаруусу кечени өз максатына жеткире алды.

Жыйынтыгында калыстар тобу эки тарапты тең жеңүүчү деп таап, оюн достук жеңиши менен аяктады. Бул менен бирге уюштуруу тобу жана демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылып, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы ыраазычылык баракча жана 50 000 сом акчалай сыйлыкка татыды. ОшМПУ менен ОшМУга да ыраазычылык баракча жана 125 000 миң өлчөмүндөгү сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть