18:34 15 марта 2023

КЭУда «Француз карнавалы» өттү

2023-жылдын 10-мартында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде эл аралык «Франкофония жумалыгы» жана Эл аралык эне тил күнүнө карата «Карнавал» аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.

КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чарага Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Француз альянсынын директору Бегимай Исраилова, Кыргызстандагы Француз тили мугалимдеринин ассоциациясынын президенти М.Акчекеева, М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун ректору А.Кадыралиев жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Бишкек шаарындагы №6, №24, №26, №68, №70 гимназия мектептеринин окуучулары активдүүлүгүн көрсөттү.

Кечеде аталган мектептердин окуучулары жана КЭУнун студенттери француз тилинде көркөм окуу, сценка аткаруу, макал-лакаптарды айтуу жана француз тилин үйрөнүүгө шыктануу тууралуу ой бөлүшүп, ырларды, бийлерди аткарышты.

Эң мыкты аткаруучуларга сыйлыктар жана I, II, III даражадагы дипломдор, грамоталар, сертификаттар, жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть