15:23 25 марта 2023

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинде «Геометрия кыргыз элинин турмушунда» аттуу иш-чара өткөрүлдү

ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын жамааты тарабынан Нооруз майрамына карата «Геометрия кыргыз элинин турмушунда» деп аталган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты кыргыз элинин өзүнө гана таандык жашоо-тиричилигин, каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн даңазалоо жана жайылтуу, жаштарды өз элинин патриоту болууга үндөө болуп саналат.

Кыргыздар байыртадан эле геометрияны өз турмушунда формуласыз эле колдонуп келген. Алардын жашоосундагы геометриялык түшүнүктөр, фигуралар кыргыз элинин күнүмдүк колдонгон буюмдарында, кол өнөрчүлүгүндө, боз үй, оймо-чиймелерде жана тамак-аштарда кеңири колдонулуп келгендигин студенттерге таанытуу максатында практика жүзүндө көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага колледждин жетекчилери, кафедра башчылары жана студенттер катышты. Студенттер тарабынан кыргыздарга таандык болгон буюм-тайымдар, тамак-аш көргөзмөсү уюштурулду. Майрамдык маанай тартуулаган көргөзмө ыр-бийлер менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть