15:28 25 марта 2023

ОшТУда «Илимдеги аялдардын ролу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) туруктуу коомду түзүү жана өнүктүрүү үчүн баалуулуктар системасын калыптандырууда окумуштуу аялдардын ролун белгилөө, жаш изилдөөчү кыз-келиндердин илимий карьерасынын өсүшүн камсыздоо максатында «Илимдеги аялдардын орду» долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында ОшТУнун илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү жана аялдар кеңеши тарабынан «Илимдеги аялдардын ролу» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Жыйынды ОшТУнун илим жана инновация проректору а-ч.и.д, доц, Н.Танаков ачып, иш-чаранын актуалдуулугун белгилеп өттү.

Аталган иш-чарага «БУУ-Аялдар» офисинин жетекчиси Д.Хамидова, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы аялдар кеңешинин төрайымы, коомдук ишмер А.Мырзакаримова, Ош шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы Х.Сүйөркулова жана Ош шаарындагы ЖОЖдордун аялдар кеңешинин төрайымдары, ОшТУнун окутуучулары, студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУда эмгектенген илимпоз айымдар өздөрүнүн илимий жетишкендиктерин, ийгиликтерин студенттерге жана келген конокторго презентация түрүндө баяндап, студенттерге мотивациялык кеңештерди беришти.

Иш-чараны ОшТУнун ректору, т.и.к, доцент Ж.Турсунбаев жыйынтыктап, катышуучуларга ийгилик каалап, долбоордун экинчи этабына жолдомо иретинде баяндамачы айымдарга сертификаттарды тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть