15:30 25 марта 2023

ОшТУ Аль-Фараби университети менен кызматташат

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин Бишкек филиалынын директору Жамин Шейшенов ОшТУда иш сапар менен болду.

Жамин Шейшеновду университеттин ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, илим жана билим берүү, кадрларды даярдоо боюнча талкуу жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде эки окуу жайдын мындан ары кызматташуусунда бир канча багыттар боюнча келишимге кол коюшту.

Андан соң «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында ОшТУнун короосуна өнөктөш мамилелердин башталышынын символу катары павловния дарагын отургузушту. Эки окуу жайдын жетекчилери биргелешип отургузган бул дарак келечекте окуу жайлар аралык мамилелердин өнүгүүсүнүн белгиси болуп калмакчы.

Сапардын жүрүүсүндө Жамин Шейшенов ОшТУдагы Корея борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгып, мындагы түзүлгөн шарттар боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Бул борбордо ОшТУнун студенттери сабактан кийин ийримдерге катышып, корея, англис жана кытай тилдерин акысыз үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть