15:33 25 марта 2023

Дилдора Салижанова «ОшТУ периси – 2023» аталды

Жаз майрамдары менен кошо келген ОшТУнун сулуулук майрамы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлдү.

Студент кыздардын арасында жыл сайын салтка айланган сулуулар сынагы бул жылы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналды. Сынакка окуу жайдагы факультеттерде билим алып жаткан 8 студент кыз катышты. Университеттин ректору Ж.Турсунбаев сулуулук майрамы менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалады.

Сынактын шартына ылайык, сулуулар сахнада өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти, кечки көйнөктөрдүн топтомун эл алдына алып чыгышты. Ашкана ажарын ачкан айымдардын талантын баалаган сынак бир күн мурун окуу жайда өткөрүлүп, анда ар бир катышуучу өздөрүнүн ашканадагы таланттарын ачып беришкен.

Сулуулар сынагы калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында 3-орунга энергетика факультетинен Куштарбек кызы Аймүрөк, 2-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинен Сапарбек кызы Айжан, экономика жана башкаруу факультетинен Назарбаева Нуржанат, 1-орунга табигый-техникалык факультетинен Калмурзаева Тажиниса ээ болушту.

Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Салижанова Дилдора «ОшТУ периси – 2023» сынагынын жеңүүчүсү болду жана Ташкент шаарына 3 күндүк сапарга жолдомо алды. Ошондой эле «Инстаграмм периси» сынагынын жеңүүчүсү болуп да Салижанова Дилдора табылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть