18:54 23 марта 2023

ОшМПУнун стартаперлери 3 долбоорго грант утуп алышты

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн комплекстүү 6 күндүк бизнес окуу жыйынтыкталды.

Долбоордун алкагында катышуучулар прототип базасынан бизнес процессти өз алдынча алып кетүүгө чейинки керектүү билимдерди толук алышты. Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 25 стартапер катышып, анын ичинен 3 долбоор атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды.

Тандалган бизнес идеяларга 2000 доллардан 6000 доллар суммасында кайтарымсыз грант берилет.

Тренинг ишкердүүлүккө кызыккан жаштарга бизнес жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, жеке ишкердикке даярдоо жана жумуш менен камсыздоо максатында уюштурулду.

Ал «Жергиликтүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлгөн.

2022-жылы «Жергиликтүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган бизнес окуу курсунда Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан 450дөн ашуун адам окуп, алардын ичинен 56 бизнес долбоор тандалып, уюштуруучулар тарбынан ар бирине 3500 доллардан колдоо көрсөтүлгөн.

Ал эми аталган окуу курска ОшМПУнун студенттеринин сурамжылоосунан соң жалпы 100дөн ашык өтүнмө кат келип түшкөн. Анын ичинен 30 студент тандалып алынып, жетекчилик тарабынан сабактардан бошотулуп, бизнес тренингге катышышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть