18:56 23 марта 2023

ОшМПУда «Кесибим — келечегим» аталышындагы форум болуп өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Кесибим — келечегим» аталышындагы форум болуп өттү.

Форумдун алгачкы бөлүгүндө алыскы райондордон келген окуучулар үчүн ачык эшик күнү уюштурулуп, окуу жайдагы бардык адистиктер боюнча маалыматтар берилди.

Саамалыктын экинчи бөлүгү чоң жыйындар залында уланып, ага окуу жайдын жетекчилиги, атайын чакырылган коноктор, алыскы райондордон келген мугалимдер жана 300дөн ашуун окуучулар катышты. Иш-чараны университеттин ректору ачып берип, окуучуларды кесип тандоодо адашпоого, замандын талабына жараша жуурулушуп, дүйнөлүк масштабдагы, эң алдыңкы окуу жайларга тапшырууга талбай аракет кылууга чакырып өттү.

Аны улай форумдун спикерлери экс-депутат, коомдук ишкер Абдывахап Нурбаев, «Китепстан» басма үйүнүн директору Бакытбек Абдуллаев, «Жетиген» мектеп-лицейинин директору Зайнидин Момонов жана Geeks IT курсунун жетекчиси Кундуз Нарынбекова ар тармакта окуучуларга туура кесип тандоо багытында тийиштүү маалыматтарды, сунуштарды айтышты.

Мында окуучулар «Билимдүү Кыргызстан» улуттук кыймылы, келечек ээлеринин билими жана тарбиясы, убакытты туура пайдалануу жана IT адистиги тууралуу кеңири маалыматтарга ээ болушту. Аталган форум жандуу аудиториянын коштоосунда өтүп, суроо-жооптор менен коштолду.

Жыйынтыгында форумдун спикерлерине, интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрүнө жана буга чейинки өткөрүлгөн сынактарга активдүү катышып, жеңүүчү болгон окуучуларга жана мугалимдерине ноутбук, Ташкентке жолдомо диплом жана баалуу белектер тапшырылды.

Саамалык окуучулардын билим деңгээлиинин өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, кесип тандоого багыт берүү жана ЖРТга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында окуу жайдын мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу, ЖОЖго чейинки даярдоо жана үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть