18:04 27 марта 2023

ОшТУнун окутуучулары «Инженердик педагогика» программасы боюнча курстан өтүштү

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин квалификацияны жогорулатуу борборунан «Инженердик педагогика» программасы боюнча 80 сааттык көлөмдө курс уюштурулду.

Иш-чара онлайн түрүндө өткөрүлүп, ОшТУнун 79 профессордук-окутуучулук курамы билимдерин жогорулатышты. Мында жогорку билим берүүдөгү психология, жогорку мектептеги педагогика, жогорку окуу жайларда илим изилдөө иштерин уюштуруу жана электрондук тармактагы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу темаларынын негизинде катышуучуларга КМТУнун профессорлору, тренерлери маалыматтарды беришти.

Курстун жыйынтыгында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть