18:12 28 марта 2023

ОшТУ Ульянов мамлекеттик техникалык университети менен кызматташат

Россиянын Ульянов мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык институтунун директору, т.и.к. Павел Пазушкин ОшТУга иш сапар менен келип кетти.

П.Пазушкинди ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алып, эки окуу жайдын ортосунда ар тараптуу кызматташуу тууралуу талкуулашты.

УлМТУ менен ОшТУнун ортосундагы жүргүзүлүп жаткан байланыштарга ылайык, академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүүдөгү эл аралык талапка жооп берген кызмат көрсөтүүлөр сунушталды. Студенттер жана диплом алган студенттер үчүн дагы адистикке багытталган кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу, эки окуу жай биргеликте жасаган аракеттердин натыйжасында ийгиликке жетүү үчүн өз ара кызматташуунун мүмкүн болгон бардык формаларында иш жүргүзүү боюнча макулдашуулар болуп, келишимдер түзүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть