21:25 31 марта 2023

ОшТУда музыкалык-адабий кече өткөрүлдү

ОшТУда Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбия жөнүндө концепциясынын” ошондой эле, “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын” алкагында “Улуттук нарк – улут дөөлөтү” деген темада музыкалык - адабий кече өткөрүлдү.

Кечени гуманитардык - технологиялык колледжинин директору Саадалов Төлөнбай Ысманович ачып, өсүп келе жаткан муундарды, жаштарды улуттук өзгөчөлүктөрдү, адамзаттык баалуулуктарды өздөштүрүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо керек экендигин белгиледи.

Аталган иш-чара мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окутуучуларга жана студенттерге кыргыздын нарк-насилин улуулугун жана нарктуулугун жеткирүү, кыргыздын каада-салты, үрп-адаты жана баалуулулуктары жөнүндөгү билимин тереңдетүү, мекенчилдикке тарбиялоо, нарктуу кыргыз улуттук дөөлөттөрүн, мурастарын сыйлоого, сактоого жана барктоого тарбиялоо максатында өткөрүлдү. Адабий кеченин жүрүшүндө мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын кыргыз тили жана адабияты окутуучусу, “Багыт” академиясынын жетекчиси Надилбек кызы Бегимай “Наркттуу жаран – улуттун жүзү”, “Батанын таасири, күчү” жана “Тек таануу” деген темаларда баяндама жасады.

Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн элдин улуу мыйзамы.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть