22:11 31 марта 2023

ОшМУ менен Урал мамлекеттик медициналык университети кош дипломдуулук багытында кызматташууда

ОшМУга иш сапары менен келген Урал мамлекеттик медициналык университетинин перспективалык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча проректору Михаил Флягин жана чет элдик студенттер факультетинин деканы Елена Богданова окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат менен жолугушту.

Жолугушууда Урал мамлекеттик медициналык университети менен ОшМУнун келечектеги билим берүү, илим, маданият багыттарындагы кызматташтыктары талкууланды. Андан сырткары, кош дипломдуу билим берүү багытында ишке ашып жаткан кызматташтыктар, медицина факультетинин дарылоо иши, стоматология адистиктерине тапшырган студенттердин окуу программалары, студенттерди кабыл алуудагы иш-аракеттер боюнча сөз болду.

Урал мамлекеттик медициналык университетинен келген делегация ОшМУда 3 күн болушту. Алар окуу жайдын факультеттеринде болуп, билим берүү, илим изилдөө багыттарында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Кош дипломдуу билим берүү программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен жолушуп, пикир алышты. Медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы менен биргелешкен окуу пландарын, алдыдагы кызматташтыктарды талкуулашты.

ОшМУ Урал мамлекеттик медициналык университети менен 2021-жылы дарылоо иши, стоматология, педиатрия багыттарында кош дипломдуу билим берүү боюнча келишимге кол койгон. Учурда стоматология жана дарылоо иши адистиктеринин 1-2-курсунда 35 студент билим алып жатышат.

Студенттер 3 жыл ОшМУда, 3 жыл Урал мамлекеттик медициналык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. Ошондой эле эки университеттин студенти катары окуу жайдагы бардык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана алышат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть