15:44 6 апреля 2023

ОшТУ менен Урал мамлекеттик экономикалык университети кызматташуусун кеңейтет

Ош технологиялык университетине Россиянын Екатеринбург шаарындагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинин расмий өкүлдөрү келишти.

ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев Урал мамлекеттик экономикалык университетинин делегациясын, УрМЭУнун Бирдиктүү жана кошумча билим берүү институтунун директору Шарова Екатерина, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, коомдук укук кафедрасынын башчысы Бахтеев Елена, юридика илимдеринин доктору, профессор Рудич Валерийди кабыл алды.

Жолугушууда ОшТУ жана УрМЭУ ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жалпы маселелери, УрМЭУ ректорунун иш сапары, студенттер менен магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, биргеликте билим берүү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, илимий кызматташтык жана башка көптөгөн маселелер талкууланды. Ошондой эле экономика жана башкаруу факультети менен жолугушуулар уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть