15:12 6 апреля 2023

ОшТУда «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу жаштар сынагы өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде Билим берүү жана илим министрлиги, республикалык «Алтын түйүн» инженердик-техникалык академиясы, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулган «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу жаштар сынагы өткөрүлдү.

Аталган сынакка Ош облусунун аймагынан 100дөн ашуун жаш ойлоп табуучулар өздөрүнүн эмгектери менен катышышты. Иш-чара Ош областында жыл сайын жаш, таланттуу балдарга келечекте өз өнөрлөрүн өркүндөтүүсүнө колдоо көрсөтүү макстында өткөрүлүп келет.

Сынактын жүрүшүндө ар бир катышуучу өздөрүнүн жасаган эмгектерин калыстардын сынына коюшту. Жалпысынан 6 секция иш алып барып, алынып келинген эмгектердин көпчүлүгү техникага жана технологияга байланышкан. Алардын ичинен эң мыкты деп табылган эмгектерге атайын сыйлыктар, ойлоп табуучуларга жана аларды даярдаган мугалимдерге дагы орундар ыйгарылды. Сынактын жеңүүчүлөрү республикалык сынакка жолдомо алышты. Республикалык деңгээлдеги сынактын жеңүүчүлөрүн быйыл өздөрүнүн багыты боюнча жогорку окуу жайларга бюджеттик орунга кабыл алуу сунушу берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть