15:06 6 апреля 2023

Кыргыз-Өзбек эл аралык университети Туркиянын университеттери менен кызматташат

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев жетектеген делегация эл аралык байланыштарды, билим берүү чөйрөсүндөгү интегрецияны күчөтүү максатында Туркиянын университеттери менен жакындан таанышып келишти.

Иш сапарынын алгачкы күнүндө Стамбул шаарындагы Ускудар университети менен Арел университетинде болушту. Аталган университеттердин өкүлдөрү материалдык базасы, окуу кааналары жана лабораториялары менен тааныштырып, окутуучулар менен студенттерди бир семестрге академиялык мобилдүүлүккө бардык шарттары менен кабыл алууга, биргелешкен борборлорду ачууга, тилдик курстарды уюштурууга кызыкдар экенин билдиришти.

Андан соң Анкара шаарында жайгашкан 3 окуу жайдын жетекчилери менен жолугушуп, келечектеги пландар талкууланды. Окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, кош диплом берүү, илимий, усулдук иштерди жүргүзүү маселелери каралды. Жыйынтыгында аталган иштер боюнча келишим түзүп, реалдуу иштерге жол ачуу боюнча макулдашылды.

Мындан сырткары, КР президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү концепциясына ылайык, жаштар арасында адеп, нарк, ыйман, жүрүм-турум маданиятын өстүрүү, түрк дүйнөсүндөгү кыргыз жаштарынын ордун күчөтүү жана көтөрүү максатында «Стамбул билим жана илим» эл аралык фонду менен келишим түзүлдү.

Иш сапарынын алкагында Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев баштаган делегацияны ТЮРКСОЙдун генералдык катчысы Султан Раев кабыл алды. Султан Раев буга чейин КӨЭАУ менен ТЮРКСОЙдун ортосунда өткөргөн эл аралык иш-чараларга ыраазычылыгын билдирип, алдыдагы иш пландарына токтолду. Мындан сырткары, улут аралык достукту бекемдеген университет катары түрк дүйнөсүнүн тарыхын, тилин, маданиятын жана илимин даңазалаган эл аралык иш чараларды, конференцияларды өткөрүү боюнча планы иштелип чыкты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть