Ош технологиялык университетине социалдык абалы оор (жарым жетим, томолой жетим) окуучулар келишти. Алар окуу жайга экскурсия жасашып, таанышып чыгышты.
Окуучуларга университеттин материалдык-техникалык базасы тааныштырылып, окуу жай тууралуу маалыматтар берилип, университет жөнүндө видеоролик көрсөтүлүп, маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.
Аталган иш-чара президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен уюштурулуп, Ош облусунун бардык райондорундагы мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдор менен тааныштырылууда.
Бул келген окуучулардын арасынан ОшТУну тандап, келечекте студент болуп билим алышса, университет тарабынан жеңилдиктер берилип, окууну аяктаганга чейин колдоо көрсөтүлмөкчү.