ОшТУда гибриддик форматта «Туруктуу өнүгүү: дүйнөлүк жана россиялык экономиканын тенденциясын талдоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын секциялык отуруму өткөрүлдү.
Секциялык отурум белгиленген конференциянын алкагында экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит кафедралары тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын — М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Ош мамлекеттик университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окумуштуулары, магистрант жана аспиранттары илимий баяндамаларын презентация кылышып, кызуу талкуу менен өттү.
Секциялык отурумда ааламдашуу доорунда жана экономикалык интеграциянын шартында дүйнөлүк экономикада, анын ичинде Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдорунун экономикалык аспектилери талдоого алынды.
Секциялык отурумда жалпысынан 32 илимий макала боюнча баяндама жасалып, акырында резолюция кабыл алынды.
Конференциянын жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар берилди. Илимий макалалар импакт фактору жогору РФнын «Актуальные вопросы современной экономики» илимий журналына жайгашат. Аталган журналда э.и.д., профессор Абдиев Мурат редакциялык кеңешинде мүчө жана бул конференциянын демилгечиси жана уюштуруучусу катары эсептелет.