17:36 7 апреля 2023

ОшМПУда акындар менен жолугушуу болду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде акын-жазуучулар менен жолугушуу кечеси өткөрүлдү.

Иш-чара университеттин китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага атайын чакырылган коноктор, окутуучулар жана китепкөй студенттер катышты.

Кеченин коноктору Кыргыз акын-жазуучулар коомдук фондунун түштүк региону боюнча координатору, акын Нуржамал Калмаматова, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү Зинакан Пасаңова жана анын шакирти Бүкалча Маматали кызы болду.

Мында акындар менен жакындан баарлашуу жүрүп, алардын чыгармалары катышуучулар тарбынан көркөм айтылып, кызуу талкуу менен коштолду. Мындан сырткары, студенттер акындардын ырларын аккордеондун коштоосунда ырдашып, өздөрүнүн автордук ырлары менен бөлүшүп, окуп беришти.

Иш-чаранын соңунда уюштуруу тобу кечеге активдүү катышкан поэзия сүйүүчүлөрүнө жана меймандарга өз белектерин тапшырышып, билимге умтулган жаштарга, китеп сүйүүчүлөргө китепканынын эшиги ар дайым ачык экенин белгилеп кетишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть