Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына жана Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык өлкөбүздүн бардык жогорку жана орто окуу жайларында Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат. ОшТУнун бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын жамааты тарабынан факультеттер аралык «Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы» деп аталган конкурс өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты, жаштарды келечекте эгемендүү мамлекетибиздин көз карандысыздыгын сактоого, өз мекенинин патриоту болууга жана өлкөбүздүн мыйзамдарын сыйлоого чакыруу болуп эсептелет.
Салтанаттуу жыйынды университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов ачып, эгемендүү өлкөбүздүн өнүгүү тарыхына токтолуп, Конституциянын кабыл алынышы элибиздин дүйнө тарыхындагы эң маанилүү тарыхый окуя болгондугун белгиледи.
Окуу жайдын энергетика факультетинен «Кыраан», архитектура жана курулуш факультетинин «Теңдик», автоунаа факультетинен «Биримдик», технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин «Адилет», кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин «Freeman», табигый-техникалык факультетинин «Акыйкат», экономика жана башкаруу факультетинин «Фемида» командалары конкурстун шартына ылайык бардык тапшырмаларды аткарышты
Командалар өздөрүн тааныштыруу, үй тапшырмасы, суроо-жооптор, видеоролик сыяктуу шарттарды аткарышып, жалпы катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Конкурстун жүрүшү негизинен Кыргыз Республикасынын Конституциясына арналып, өлкөбүздүн мыйзамдарына байланышкан суроолор берилип, сахна көрүнүштөрү аткарылды.
Биринчи орунга энергетика факультетинин "Кыраан" командасы жана экономика жана башкаруу факультетинин "Фемида" командалары, экинчи орунга табигый-техникалык факультетинин "Акыйкат" командасы, үчүнчү орунга автоунаа факультетинин "Биримдик" командасы ээ болушту.
Университет жетекчилиги тарабынан жеңүүчү командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар, катышкан бардык командаларга дагы ыраазычылык билдирилип, сыйлыктар тапшырылды.