11:42 10 апреля 2023

ОшМУда чет элдик студенттер кыргыз ырларын ырдашты

ОшМУда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында «Ырдайлы кыргыз ырларын» аттуу музыкалык-эстрадалык сынак уюштурулду. Сынакка окуу жайда билим алып жаткан индия, өзбек, азербайджан, уйгур, орус улутундагы студенттертен 16 талапкер катышты. Жобого ылайык сынакка этникалык кыргыздар катышкан жок.

Университеттин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, белгилүү обончу жана аткаруучу Темир Назаров, Орусиядагы “Привет Андрей” программасынын катышуучусу, таланттуу ырчы Жанибек уулу Данияр, окуу жайдын Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун директору Дамирбек Ыразаков, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы адиси Перизат Исабековалар сынакта жеңүүчүлөрдү аныктап беришти.

Жыйынтыгында Эл аралык медицина факультетинин 3-курсунун студенти Каду Пратам Нитин баш байгени жеңип алды, 4-курсунун студенти Шубхам Рамрао Чаудхари 1-орунду, 3-курсунун студенти Динеш Кумар 2-орунду, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 2-курсунун студенти Аббос Абдурасулов “Жеңүүчү” номинациясын, Медицина факультетинин студенттери Султонова Гулчирой, Ахмедова Ойкиз 3-орунду алып, статуэткалар жана дипломдор менен сыйланышты. Активдүү катышкан студенттерге Ардак грамоталар тапшырылды. Окуу жайдын кесиптик бирлиги демөөрчү катары колдоо көрсөттү.

Кыргыз элинин тилин, улуттук маданиятын, искусствосун даңазалоого багытталган музыкалык маанайшат таймаш чет өлкөлүк жарандар менен иштөө жана консулдук кызмат көрсөтүү бөлүмү тарабынан уюштурулган. Сынак улуттар ортосундагы ынтымакты, достук мамилени бекемдөө максатын көздөйт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть